Стамбул аэропорту биринчи орунду ээледи

2021-жылдын алгачкы төрт айында Европада эң көп учкан аэропорт болду.

1631361
Стамбул аэропорту биринчи орунду ээледи

Европанын аэронавигациялык коопсуздук уюмунун (Eurocontrol) учуу кыймылынын отчетуна караганда, 2021-жылдын алгачкы төрт айында (январь-апрель) Стамбул аэропортунда 63 миң 64 рейс аткарылды.

Бул каттамдар менен 2021-жылдын алгачкы төрт айында Европада эң көп учкан аэропорт болгон Стамбул аэропортунан кийин 53 миң 921 каттам менен Париж Шарль де Голль аэропорту ээледи.

Тизмеде үчүнчү орунда 52 миң 532 каттам менен Амстердам Шипхол, 4-орунда 52 миң 464 рейс менен Франкфурт, 5-орунда болсо 42 миң 543 рейс менен Мадрид Барахас аэропорттору турат.

Стамбул аэропортунун оператору IGAнын социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө: «Дүйнөнүн авиация борбору катары биз бул жолдо 2021-жылдын алгачкы 4 айында Европада лидерликти уланттык. Январь-апрель айларынын аралыгында берки аэропортторду артта калтырып Европада эң көп учкан аэропорт болдук», деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар