Sputnik V вакцинасы Түркияда колдонула баштайт

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Антальяда өткөргөн маалымат жыйынында айтты.

1631765
Sputnik V вакцинасы Түркияда колдонула баштайт

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, коронавируска каршы Орусия тарабынан иштелип чыккан Sputnik V вакцинасынын биринчи партиясынын Түркияга май айынын ичинде жөнөтүлө тургандыгын айтты.

Фахреттин Кожа Антальяда өткөргөн маалымат жыйында, Sputnik V вакцинасынын да кыска мөөнөттө Түркияда колдонула баштай турганын баса белгилеп: «6 айдын ичинде 50 миллион доза алына турган Sputnik V вакцинасынын биринчи партиясы май айында келет. Бир жумада же 10 күндүн ичинде канча вакцина жөнөтүлөрү аныкталат»,-деди.

Июнь айы менен биргеликте BioNTech жана Sinovac сыяктуу көптөгөн вакциналардын келе тургандыгын айткан министр Кожа: «Июнь айында 40 жаштан ашкан жарандарыбызды эмдөөгө чечкиндүүбүз. Жай мезгилинен тарта да 18 жаштан жогорку курактагылардын бардыгын эмдөө үчүн тыгыз иштеп жатабыз»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар