Эрдоган Кутүл Амаре жеңишинин 105 жылдыгында шейиттерди эскерди

Эрдоган: «Элибиздин чоң жетишкендиги болгон Кутүл Амаре жеңишинин 105 жылдыгында баатыр шейиттерибизди таазим кылып эскеремин»

1631121
Эрдоган Кутүл Амаре жеңишинин 105 жылдыгында шейиттерди эскерди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, түрк армиясынын чоң жетишкендиги болгон Кутүл Амаре жеңишинин 105 жылдыгында баатыр шейиттерди таазим кылып эскерди.

Президент Эрдоган Кутүл Амаре жеңишинин 105 жылдыгында шейиттерди эскерди.

Эрдоган, социалдык медиа баракчасында бөлүшкөн билдирүүсүндө: «Элибиздин чоң жетишкендиги болгон Кутүл Амаре жеңишинин 105 жылдыгында баатыр шейиттерибизди таазим кылып эскеремин», деди.

Ирак фронтунда 1916-жылы 29-апрелде түрк армиясынын чечкиндүү жеңишине алып келген Кутүл Амаре согушу Биринчи Дүйнөлүк согуштун негизги согуштарынын бири деп эсептелет. Генерал-майор Чарльз Вере Феррерс Тауншенддин командачылыгы астындагы британ аскерлеринин багынып бериши менен жетишилген бул жеңиш, Чанаккаледен кийинки Биринчи Дүйнөлүк согуштун эң чоң жеңиши болуп саналат.



Тектеш кабарлар