Эки аскер шейит болду
Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсү.
1631565
Ирактын түндүгүндө уланып жаткан "Ченгел-Чагылган" операциясында эки аскер шейит болду.
Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Ирактын түндүгүндө уланып жаткан "Чеңгел-Чагылган" операциясынын алкагында, 28-апрелде танка атуучу курал менен жасалган чабуулдун натыйжасында жаракат алып ооруканага жеткирилген бир баатыр аскерибиз менен толуктоо иштери убагында 2021-жылы 30-апрелде тик учактан түшүү учурунда жаракат алган жана дароо оорукага жеткирилген дагы бир аскерибиз бардык аракетерге карабастан куткарыла албай 30-апрелде шейит болушту» деп кабарланды.