Улуттук коргоо министрлиги Ирактын түндүгүндө жардыруу иштеринин жүрүп жаткандыгын билдирди
Министрликтин твиттерден берилген маалыматында Метина жана Авашин - Басян аймактарында баштатылган «Чеңгел - Чагылган» операцияларынын пландалгандай жүрүп жаткандыгы белгиленди.
Улуттук коргоо министрлиги Ирактын түндүгүндө жүргүзүлүп жаткан «Чеңгел - Чагылган» операцияларынын негизинде аймакта террористтер жайгаштырган колдо жасалган жарылуучу заттар жана миналарды аныктоо, жардыруу иштеринин жүрүп жаткандыгын билдирди.
Министрликтин твиттерден берилген маалыматында Метина жана Авашин - Басян аймактарында баштатылган «Чеңгел - Чагылган» операцияларынын пландалгандай жүрүп жаткандыгы белгиленди.
Аныкталган террордук обьектилердин абадан жана кургактыктан атылгандыгы билдирилип : «Абадан жасалган чабуул менен аймакка барган десанттарыбыз да террордук тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Мехметчиктерибиз террористтерге таандык баш калкалоочу жер, үңкүр, курал, ок - дары, колдо жасалган жарылуучу заттар жана миналарды да жардырышууда. Аймакта кызмат кылган командаларыбыз күнү – түнү үзгүлтүксүз жүргүзүп жаткан изилдөөлөрдүн натыйжасында террористтер жайгаштырган мина жана жарылуучу заттарды жардырууда»,- деп билдирилди.
Министрлик колго түшүрүлгөн мина, ок - дары жана колдо жасалган жарылуучу заттарды сүрөттөрү менен бөлүштү.
Тектеш кабарлар
Түркия НАТОнун Румыниядагы аба операциясына катышты
Бул тууралуу Улуттук Коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүдө маалымдалды.
Фидандын телефондогу дипломатиясы
Тышкы иштер министри Хакан Фидан бир канча чет элдик кесиптештери менен сүйлөшүү өткөрдү.