Түрк аба жолдору жүргүнчүлөрдү эскертти
Социалдык медиа баракчасынан жасалган билдирүүдө төмөнкү маалыматтар камтылды.
Түрк аба жолдору (THY) Ковид-19 чараларынын алкагында толук карантин киргизиле тургандыгын, 29-апрелден 17-майга чейин чет өлкөдөн келүүнү же чет өлкөгө чыгууну пландаштырган жүргүнчүлөр билеттерин көрсөтүп жана бара турган өлкөнүн кабыл алуу шарттарын эске алуу менен саякаттарын ишке ашыра ала тургандарын билдирди.
THYнын социалдык медиа баракчасынан жасалган билдирүүдө төмөнкү маалыматтар камтылды: «29-апрель бейшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 19.00дөн 17-май дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 05.00гө чейин чет өлкөдөн келүүнү же чет өлкөгө чыгууну пландаштырган жүргүнчүлөрүбүз (ички каттамдар аркылуу уча турчу жүргүнчүлөрдү кошкондо) саякатка уруксат сурабай эле билеттерин көрсөтүп жана бара турган өлкөнүн кабыл алуу шарттарын эске алуу менен саякаттарын ишке ашыра алышат. Соңку жаңылыктар үчүн социалдык тармактардагы аккаунттарыбызга жана веб-сайтыбыздагы кулактандырууларыбызга байкоо сала аласыздар».