Шентоп Байденге каршылык көрсөттү

Мустафа Шентоп Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы «Экинчи Карабах согушу жана Армениянын согуш кылмыштары» боюнча панелинде сөз сүйлөдү.

1628708
Шентоп Байденге каршылык көрсөттү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп, расизм, геноцид, өлкө тышындагы адамзатка каршы кылмыштар катталган өлкөлөрдүн жооптуу кызматкерлеринин Түркия жөнүндө сүйлөп жатканда алда канча кылдат болуулары керектигин айтты.

Мустафа Шентоп Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы «Экинчи Карабах согушу жана Армениянын согуш кылмыштары» боюнча панелинде сөз сүйлөдү.

Шентоп сөз сүйлөөсүндө: «Армения жана армян диаспораларынын «Улуу Армения» кыялына кабылып армяндарды жалган «геноцид» дооматтары менен Түркияга карата тукуруусунун натыйжасында алар аймактык туруксуздуктун себеби болуп жатышат»,-деди.

Шентоп, Америка Кошмо Штаттарынын Президенти (АКШ) Жо Байдендин 1915-жылдагы окуялар жөнүндө билдирүүсүндө, «Эч кандай илимий же тарыхый ачылыштар, жаңы баалоолор жок. Өзгөргөн жалгыз нерсе - бул саясий чечим»,деп түшүндүрдү.

Шентоп: «АКШ президентинин жалган «геноцид» сыпаттамасы; мыйзамды, саясий жана тарыхый өбөлгөлөрдү «жок» деп эсептеген билдирүү. Бул АКШнын универсалдуу мыйзам жана илим менен  карама-каршылыктарын ачыкка чыгарганы сыяктуу, Түркия менен АКШнын ортосундагы адам укуктарына,  мыйзамдуулукка жана өз ара достукка негизделген карым-катнаштарына зыян тийгизе турган мүнөздөгү билдирүү болду»,деп айтты.

Шентоп: «(АКШ президенти Байдендин 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу билдирүүсү) Парламенттин төрагасы катары, биздин мамлекетке, улутубузга, тарыхыбызга багытталган бул чоң жалааны четке кагамын. Айрыкча тарыхта, бүгүнкү күндө дагы, расизм, геноцид жана өлкө тышында адамзатка каршы кылмыштар катталган өлкөлөрдүн жооптуу кызматкерлеринин Түркия тууралуу сүйлөп жатканда бир топ этият болуулары керектигин эсиңиздерге салгым келет»,-деди.



Тектеш кабарлар