Акар командирлер менен онлайн жыйын өткөрдү

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди.

1628716
Акар командирлер менен онлайн жыйын өткөрдү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар командирлер менен видео телекөпүрө аркылуу жолугушуу өткөрдү.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, жыйын Хулуси Акардын жетекчилигинде, Башкы штабдын башчысы, армия-генералы Яшар Гүлер, Кургактык күчтөрүнүн командири, армия-генералы Үмит Дүндар, Аба күчтөрүнүн командири армия-генералы Хасан Күчүкакйүздүн, Деңиз күчтөрүнүн командири, армия- адмиралы Аднан Өзбал жана министрдин орун басары Юнус Эмре Караосманоглунун катышуусунда өттү.

Күч жана армия командирлери, ошондой эле өлкө ичиндеги жана чет өлкөлөрдөгү аскер командирлери жүргүзүлүп жаткан операциялар жана аянттагы акыркы кырдаал жөнүндө маалымат берген жыйында, коргонуу жана коопсуздук иш-чаралары менен катар жаңы түрдөгү коронавирус менен күрөшүү каралды.

Командирлерден маалымат алган министр Акар, айрым көрсөтмөлөрдү берди.



Тектеш кабарлар