Акар Байденге каршылык көрсөттү

Министр Акар Твиттерде жарыялаган графикалуу постунда, Байдендин "геноцид" билдирүүсүнө каршылык көрсөттү.

1628406
Акар Байденге каршылык көрсөттү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Америка Кошмо Штаттарынын Президенти (АКШ) Жо Байдендин 1915-жылдагы окуяларды "геноцид" деп сыпатташынын, тарыхый чындыктарды четке кагуудан жана бурмалоодон башка эч нерсени билдирбегенин айтты.

Министр Акар Твиттерде жарыялаган графикалуу постунда, Байдендин "геноцид" билдирүүсүнө каршылык көрсөттү.

АКШ президентинин 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу "геноцид" сөзүн колдонушу тарыхый чындыктарды четке кагуудан жана бурмалоодон башка эч нерсени билдирбей тургандыгын баса белгилеген Акар, бул сөздү айткандардын дүйнө жана өз тарыхына көз чаптырышы керектигин билдирди.

Акар, болбогон окуяны кайталоо мүмкүн болбогону үчүн АКШ жетекчилигинин жүйөөсү жараксыз экенине көңүл бурду.

Жада калса армян элин өкүлдүк кылбаган лоббилердин багыты астында кабыл алынган бул чечимдин эч кандай себеби жана моралдык түшүндүрмөсү жок экендигин айткан Акар: «Тарыхты мындай саясий билдирүүлөр менен кайрадан жазуу мүмкүн эмес. Тарыхтан кастыкты жана жаңы карама-каршылыктарды пайда кылуу кабыл алынгыс жана пайдасыз. Тарыхый окуялар келишпестикетерге ортомчу катары колдонулбашы жана саясатташтырылбашы керек. Мындай абал Түркия-Армения жана түрк-армян мамилелери менен катар аймактагы тынчтыкка терс таасирин тийгизери анык»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар