Президент Р. Т. Эрдоган Чадга көңүл айтты

Чаддын президенти Идрис Деби Итно каза болду.

1626749
Президент Р. Т. Эрдоган Чадга көңүл айтты

Президент Р. Т. Эрдоган Чаддын президенти Идрис Деби Итнонун каза болгондугуна байланыштуу Чад Аскердик Өткөөл Кеңешинин төрагасы Махамат Итного көңүл айтты.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Эрдоган сүйлөшүүдө Чаддын президенти Итнонун каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыргандыгын белгилеп, маркумдун үй  - бүлөсүнө жана Чад калкына көңүл айтты.

Маркум Итнонун Түркия  -  Чад ортосундагы достук жана боордоштук карым  - катнаштарынын түзүлүшүнө чоң салым кошкондугун баса белгилген президент Эрдоган Түркиянын бул кыйын  мезгилде ар дайым болгондой эле Чад калкынын жанында болууну улантарын айтты.



Тектеш кабарлар