Президент Р. Т. Эрдоган 23 - Апрель улуттук эгемендик жана балдар майрамы менен куттуктады

Президент Р. Т. Эрдоган : «2016 -  жылы 15 -  июлда ФЕТӨчулар бомбалаган Улуу Парламентибиз улуттук эрктин көрсөткүчү катары жашай берет».

1626745
Президент Р. Т. Эрдоган 23 -  Апрель улуттук эгемендик жана балдар майрамы менен куттуктады

Президент Р. Т. Эрдоган : «2016 -  жылы 15 -  июлда ФЕТӨчулар бомбалаган Улуу Парламентибиз улуттук эрктин көрсөткүчү катары жашай берет»,- деди.

Президент Эрдоган 23 -  Апрель улуттук эгемендик жана балдар майрамынан улам куттуктоо жарыялады.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Эрдоган куттуктоосунда Түркия Улуттук Праламентинин курулушунун 101 – жылы, 23 -  Апрель улуттук эгемендик жана балдар майрамы менен куттуктап, Түркия республикасынын куруучусу Гази Мустафа Кемал дүйнө балдарына белек кылган бул өзгөчө күндүн өлкө, улут жана балдар үчүн пайдалуу болушун каалады.

Парламенттин 1920 -  жылдын  23 -  апрелинен ушул күнгө чейин бир топ кыйынчылыктарды өткөргөндүгүн, эгемендик согушунда  жеңип алган «ардагерлик» наамын 15 -  июлдагы козголоң  кыймылында экинчи жолу алгандыгын белгилеген Эрдоган буларды айтты : «Козголоң, хунта,  террордук кол салууларга дуушар болгон, акыркы жолу 2016 -  жылы 15 -  июлда чыккынчы Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨ тарабынан бомбаланган Улуу Парламентибиз улуттук эрктин көрүнүшү катары түбөлүккө жашай берет. Түркия Улуттук Парламентинин чатыры астында улуу жана күчтүү Түркия идеалы менен бириккен элибиз үчүн дагы чоң, дагы күчтүү Түркияны куруу, келечектеги муундар сыймыктана турган  өлкө калтыруу үчүн  болгон күчүбүз менен иштеп жатабыз.

Көз карандысыздык согушубуздун башкы командири, Түркия Улуттук Парламентинин алгачкы төргасы, республикабыздын куруучусу Гази Мустафа Кемал  менен бардык шейит жана ардагерлерибизди ыраазычылык менен эскерем. Бардык балдарыбыздын бул майрамын чын көңүлдөн куттуктайм»,- деди.



Тектеш кабарлар