Эрдоган менен Байден сүйлөшүү өткөрдү

Эки лидер июнь айындагы НАТОнун саммитинде эки тараптуу жолугушуу өткөрүү боюнча макулдашты.

1627197
Эрдоган менен Байден сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Эрдоган сүйлөшүүдө АКШда ФЕТӨнун (Фетуллахчы террордук уюм) болушу жана АКШнын Сирияда жикчил террордук уюм ПКК / ПЙДга колдоо көрсөтүүсү сыяктуу маселелерди чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Эрдоган менен Байдендин кызматташтыкты кеңейтүү үчүн биргелешип иштөөнүн маанилүү экендигин баса белгилегендери маалымдалган билдирүүдө, эки лидердин июнь айында боло турган НАТОнун лидерлер саммитинин алкагында жолугушуу өткөрүү боюнча макулдашкандары белгиленди.

Ак үйдүн билдирүүсүндө НАТОнун саммитинде эки тараптуу жолугушуулар болору ырасталып, «Байден Эрдоган менен сүйлөшүүсүндө кызматташууну кеңейтүүнү, түшүнүшпөстүктөрдү натыйжалуу башкарууну жана эки тараптуу конструктивдүү мамилелерди баса белгиледи», делди.



Тектеш кабарлар