Байрактар Акынжы чабуул коючу учкучсуз аппараты буталарын ийгиликтүү атты
Байрактар Акынжы биринчи атуу сынагы үчүн улуттук мүмкүчнүлүктөр менен чыгарылган бир даана MAM-C, бир даана MAM-L жана биринчи жолу колдонулган бир даана MAM-T акылдуу ок - дарылары менен учту.
Байрактар Акынжы чабуул коючу учкучсуз аба аппараты TİHA биринчи атуу сынагында улуттук мүмкүнчүлүктөр менен чыгарылган акылдуу ок - дарылар менен буталарын ийгиликтүү атты.
Мындан мурда да бир топ сынактан ийгиликтүү өткөн Түркиянын алгачкы учкучсуз чабуул коючу аба аппараты болгон Байрактар Акынжы биринчи атуу сынагы үчүн улуттук мүмкүчнүлүктөр менен чыгарылган бир даана MAM-C, бир даана MAM-L жана биринчи жолу колдонулган бир даана MAM-T акылдуу ок - дарылары менен учту.
Байкар технологиясынын лидери Селчук Байрактар тарабынан Чорлудагы Акынжы учуу машыгуусу жана сынак борборунан башкарылган сынакта Акынжы TİHAдан лазердик бутага алуу менен жиберилген сыноо ок - дарыларынын үчөөсү тең буталарын таамай атты.
Рокетсан улуттук мүмкүнчүлүктөр менен чыгарган MAM (Кичинекей акылдуу ок - дары) үй - бүлөсүнүн жаңы мүчөсү МАМ - Т бул сынакта биринчи жолу колдонулду.