Челик:«Биз Россия-Украина тирешүүсү дипломатия жолу менен чечилишин каалайбыз»

Партиянын Борбордук аткаруу кеңешинин (MYK) жыйыны уланып жатканда Өмер Челик пресс-конференция өткөрдү.

1624432
Челик:«Биз Россия-Украина тирешүүсү дипломатия жолу менен чечилишин каалайбыз»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик «Биз Россия-Украина тирешүүсү дипломатия жолу менен чечилишин каалайбыз»,-деди.

Партиянын Борбордук аткаруу кеңешинин (MYK) жыйыны уланып жатканда Өмер Челик пресс-конференция өткөрдү.

Борбордук аткаруу кеңешинин (MYK)  отурумунда ички жана тышкы саясатты талкуулагандарын белгилеген Челик, алардын тыкыр көз салган маселелеринин бири Украина менен Орусиянын ортосундагы тирешүү болгонун айтты.

Түркия Украинанын Крым аймагын Россиянын басып алгандыгын тааныбай турганын жана ага болгон мамилесин ачык көрсөтүп жатканын түшүндүргөн Челик: «20 украин аскеринин өлүмү, Орусиянын Донбасстын чыгышына жана Украинанын чыгышына болгон колдоосун көбөйтүү, Кара деңиздеги мындай тыгыздык эч кимге пайда алып келбейт»,-деп айтты.

Басма сөз катчысы Челик, Россия, Украина жана Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) үч тараптуу байланыш тобунун алкагында маселенин дипломатиялык жол менен чечилишин каалагандарын билдирди.

 



Тектеш кабарлар