Түркия Египетке көңүл айтты

Египетте поезд кырсыкка учурап 11 адамдын каза болгондугу жана көп сандаган кишинин жаракат алганыды билдирилди.

1623839
Түркия Египетке көңүл айтты

Түркия Египетке  поезд кырсыгынан улам  көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Египеттин Калюбиеаймагынын Тух районунда кечээ болгон поезд кырсыгында 11 адамдын каза болгондугу жана көп сандаганадамдын жаракат алгандыгы белгиленди.

Маалыматта : «Кырсыкта каза болгондорго Аллахтын ырайымын, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз. Дос жана боордош Египет калкы менен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтабыз»,- деп билдирилди.

Египет саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта Тух шаарында Каир-Мансура каттамын аткарган поезд кырсыкка учурап 11 кишинин каза болгондугу, 98 кишинин жаралангандыгы билдирилген.



Тектеш кабарлар