Юнус Эмре Институту Руандада түрк тилинде билим берет
Элчи Чевик бул жылдын «Юнус Эмре жана түрк тили жылы» деп жарыялангандыгын эске салып, түрк сабактары эки элди дагы да жакындаштыра тургандыгына көңүл бурду.
Юнус Эмре Институту Руанда университети менен биргеликте Руанда жаштарына түркчө билим берет.
Түркиянын Кигалидеги элчиси Буржу Чевик Юнус Эмре Институтунун түрк тилин үйрөтүү жана түркология директору професор доктор Явуз Карталлыоглунун Руанда университетинин жетекчилери менен 12-17-апрелде борбор шаар Кигалиге болгон сапарында жолугушканын айтты.
2019-жылы эки окуу жайдын ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында Кигалиге жакын арада бир окутуучу жиберилерин белгилеген Чевик, түрк тилин үйрөнгүсү келген ар бир адамдын бул билим берүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана ала тургандыгын айтты.
Элчи Чевик бул жылдын «Юнус Эмре жана түрк тили жылы» деп жарыялангандыгын эске салып, түрк сабактары эки элди дагы да жакындаштыра тургандыгына көңүл бурду.
Чевик Түркиянын ушул кезге чейин 200дөн ашуун руандалык студентке стипендия бергендигин да айтты.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Жевдет Йылмаз расмий сапар менен Румынияга барат
Жевдет Йылмаз бүгүн борбор шаар Бухарестте түрк иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушат.