Түркиянын ата мекендик вакцинасы эң жаңы технология менен иштелип чыкты

Мустафа Варанк Анкара онкология ооруканасында ушул кезге чейин изилденип жаткан VLP негизиндеги вакцинанын адамга сыноолорунун 1-фазасында эмделди.

1623321
Түркиянын ата мекендик вакцинасы эң жаңы технология менен иштелип чыкты

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк жаңы типтеги коронавируска каршы иштелип чыккан (Ковид-19) жана вакцинанын эң жаңы ыкмаларынын бири деп эсептелген вируска окшогон бөлүкчөлөрдүн (VLP) негизиндеги вакцинага талапкердин адамга болгон алгачкы сыноолоруна өз ыктыяры менен катышты.

Мустафа Варанк Анкара онкология ооруканасында ушул кезге чейин изилденип жаткан VLP негизиндеги вакцинанын адамга сыноолорунун 1-фазасында эмделди.

Варанк эмделгенден кийинки билдирүүсүндө, VLPнын Түркияда жана дүйнөдөгү эң жаңы вакцина технологиясы экенин, вируска окшогон бөлүкчө технологиясы инновациялык технология болгондуктан жаңы мутациялар үчүн дагы дизайны жана долбоорунун өзгөртүлө алганын белгилеп өттү.

Варанк ата мекендик вакцинанын натыйжалары дүйнөдөгүгө караганда такыр башкача жана натыйжалуу болоорун баса белгиледи.

Вакцинанын 2-фазасын изилдөө 4-майдан тарта башталат.



Тектеш кабарлар