Али Эрбаш Израилге каршылык көрсөттү

Акса мечитинин жана палестиналыктардын тилекке каршы Рамазан айында баскынчы Израилдин зулумуна туш болгонун айтты.

1623158
Али Эрбаш Израилге каршылык көрсөттү

Дин иштери башкармалыгынын төрагасы Али Эрбаш, Израилдин Палестина калкына көрсөткөн кысымына байланыштуу: «Адамдыкты, абийирди, адеп-ахлактуулукту жана эл аралык мыйзамды тоготпогон бул жийиркеничтүү жапайы менталитет ушул бардык зулумдугун тез арада токтотушу керек»,-деди.

Эрбаш Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө мусулмандардын Харим-и Исмети (ыйык жери) Кудстун, биринчи кыбыласы Акса мечитинин жана палестиналыктардын тилекке каршы ушул Рамазан айында баскынчы Израилдин зулумдугуна туш болгонун айтты.

Израилдин ар кандай шылтоолор жана кысымдар менен мусулмандардын Месжиди-Аксага кирүүсүнө чектөө коюп ибадат эркиндигине тоскоол болгонун эске салган Эрбаш, блокадага алынган Газанын Рамазанда дагы «таш боор Израилдин» агрессивдүү саясатына дуушар болгонун баса белгиледи.

Эрбаш: «Адамгерчиликти, абийирди, адеп-ахлактуулукту жана эл аралык мыйзамды тоготпогон бул варвардык менталитет бардык зулумдуктарын тез арада токтотушу керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар