Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу ТКТРда
Чавушоглу твиттерден «Улуттук дообузду жаңы бир көз караш менен бирге жактоо үчүн Түндүк Кипр Түрк Республикасындабыз»,- деп билдирди.
1622279
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу иш сапарынын негизинде Түндүк Кипр Түрк Республикасына барды.
Чавушоглу твиттерден сапары тууралуу маалымат берип : «Улуттук дообузду жаңы бир көз караш менен бирге жактоо үчүн Түндүк Кипр Түрк Республикасындабыз»,- деп билдирди.
Министр Чавушоглу Швейцариянын Женева шаарында 27 – 29 -апрелде БУУнун жол башчылыгында кепил өлкөлөрдүн да катышуусу менен 5 + 1 форматында өткөрүлө турган Кипр тууралуу расмий эмес конференциядан мурда Түндүк Кипр Түрк Республикасында жолугушууларды өткөрөт.