Президент Эрдоган : "Тышкы иштер министрибиз Дендиастын жообун берди"

Эрдоган : «Тышкы иштер министрибиз Дендиастын бул мамилесине карата ылайык болгон жоопту берди.  Мындан да жумшак боло албас эле»,- деди.

1622752
Президент Эрдоган : "Тышкы иштер министрибиз Дендиастын жообун берди"

Президент Р. Т. Эрдоган тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиастын айыптоосуна  карата берген жообу тууралуу : «Тышкы иштер министрибиз Дендиастын бул мамилесине карата ылайык болгон жоопту берди.  Мындан да жумшак боло албас эле»,- деди.

Президент Эрдоган Стамбулда маалымат берди. Кечээ Дендиастын борбор шаар Анкара сапарында Чавушоглу менен өткөргөн пресс  - жыйында айткан сөздөрүнө токтолгон Эрдоган : «Дендиас менен тышкы иштер министрибиздин өткөргөн жолугушуусунда иш тилекке каршы башка нукка бурулду. Тышкы иштер министрибиз Дендиастын бул мамилесине жообун берди. Мындан да жумшак боло албас эле. Ансыз да улут катары, өлкө катары бизге жарашмак эмес. Алар керектүү баа берүү менен ишти бүтүрүштү»,- деди.

Дендиастын мамилесинин туура эмес экендигин айткан Эрдоган : «Дендиасты кабыл алууда Түркия менен Грециянын ортосунда бир шайкештик процесси болсун, башкаларды арага киргизбейли деп өзүнө да айттым»,- деди.

Грек өкмөтүнүн Батыш Фракияда башкы муфтийди азыр да өзүнүн дайындагандыгын белгилеген Эрдоган : «Лозанна келишими боюнча ал жердеги башкы муфтийди дайындоо  укугу жок. Биз өлкөбүздө патриархты дайындай албайбыз. Грециядагы муфтийлерибизге, имамдарыбызга өз кызматкери, өзүнүн диний кызматкери сыяктуу дайындоо жолуна барышууда. Булар эл аралык мыйзамга терс. Арабыздагы карым  - катнаштардын тебеленишине да себеп болууда. Бирок эч бир жыйынтык ала албадык, мындан кийин алабыз дедик бирок  буларда андай атмосфера жок»,- деди.

Тышкы иштер министри кечээ Анкарага келген грек кесиптеши Никол Дендиас менен өткөргөн пресс  - жыйында негизсиз айыптоолорду айткан конок министрге : «Бул биринчи жолугушуунун жагымдуу атмосферада өтүшүн каалайт элек бирок Никос Дендиас сүйлөгөн сөзүндө тилекке каршы өлкөмө карата кабыл алынбай турган айыптоолорду айтты. Оболу Түркиянын Грециянын эгемендик мыйзамдарын бузгандыгын айтты. Муну кабыл алуубуз мүмкүн эмес. Түркия республикасы өз мыйзамын, өзгөчө Чыгыш Жер Ортолук деңизде жана Кипр түрк мыйзамдарын коргоого милдеттүү жана таштаган кадамдарыбыз да мыйзамдарыбызды коргоого карата. Бул жерге келип Түркияны күнөөлөй турган болсоңор, мен да мунун жообун берүүгө мажбур болом. Өзгөчө Түркияда биз, рум ортодокс азчылыгын рум ортодокс катары кабыл алуудабыз бирок силер «Мен түркмүн деген түрктөргө сен түрк эмессиң, бир гана мусулмансың» деп айтканыңар адамдыкка да жатпайт, эл аралык мыйзамга да ылайык келбейт»,- деп жооп берди.



Тектеш кабарлар