Чавушоглу ооган кесиптеши менен жолугушту
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, жолугушууда Ооганстандагы тынчтык жараянына байланыштуу окуялар талкууланды.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Ооганстандын тышкы иштер министри Ханиф Атмар менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, жолугушууда Ооганстандагы тынчтык жараянына байланыштуу окуялар талкууланды.
Чавушоглу кесиптеши Атмарга 14-апрелдеги НАТОнун чечкиндүү колдоо миссиясынын алкагындагы өлкөлөр жана НАТО Кеңешинин жыйналыштарындагы өнүгүүлөр жана алдыдагы мезгилде эмне кылуу керектиги жөнүндө маалымат берди.
Түркия, Ооганстандагы тынчтык жараяны үчүн, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Катар менен координацияланган иш-чарада Ооганстан тараптары менен байланыш түзүүдө.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.