Түркиянын фоссилдүү токою ЮНЕСКО жолунда
Токойдун ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилиши үчүн иш-аракеттер башталды.
2013-жылы Түркиянын "биринчи фоссилдүү токою" деп жарыялаган Хочаш фоссил токоюнун Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, Илим жана Маданият Уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилиши үчүн иш-аракеттер башталды.
Болунун Себен районуна караштуу Хочаш айылынын айланасында эрозиянын натыйжасында пайда болгон жана Батыш Кара деңиз токой чарбасын изилдөө институтунун жетекчилиги астында Стамбул жана Османгази университеттеринин академиктери тарабынан ар түрдүү изилдөөлөр жүргүзүлгөн фоссилдүү токойдун эл аралык аренада дагы таанылышы максатында иш-аракеттер уланып жатат.
Хочаш айылынан болжол менен 500 метр алыстыкта, 900 метр бийиктиктеги аймакта 975 гектар аянтта жайгашкан фоссилдүү токойдо, 18-19 миллион жылдык пальма, терек, тал, карагай, 3-5 ийне жалбырактуу карагай, ладан, эмен жана зелкова дарактары, жалбырак жана бутактарынын калдыктары менен балык фоссилдери бар.
Себендин мэри Фатих Кавак, аймакты туристтик борбор катары өнүктүрүүгө аракет кылгандарын айтты.
Алардын негизги максаты фоссилдүү токойду ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү экендигин белгилеген Кавак: «Баштаган ишибиздин натыйжасында Хочаш фоссил токойун ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү үчүн аракет кылабыз», деди.