Эрдоган: «Бул жерге өз эгемендигибизди толугу менен камсыздаган ишти алып келүүдөбүз»

Эрдоган: «Китепканадагы баарлашуулар» аттуу иш-чаранын алкагында «Миллет» китепканасында жаштардын суроолоруна жооп берди.

1621393
Эрдоган: «Бул жерге өз эгемендигибизди толугу менен камсыздаган ишти алып келүүдөбүз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган «Канал Стамбул» долбоору тууралуу, «Бул жерге өз көз карандысыздыгыбызды, өз эгемендигибизди толугу менен камсыздаган ишти алып келүүдөбүз»,-деди.

Эрдоган: «Китепканадагы баарлашуулар» аттуу иш-чаранын алкагында «Миллет» китепканасында жаштардын суроолоруна жооп берди.

Эрдогандан Канал Стамбулдун Түркия үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрү боло турганы, Монтре Кысыктар келишиминен чыгып же чыкпай турганы суралды.

Президент Эрдоган, Канал Стамбулдун Монтре менен тиешеси болбогонун белгилеп, «42-43 чакырым узундугу болгон канал болот.  Бул канал менен Кара деңизди Мрамор деңизине туташтырабыз. Муну менен бирге Кара деңизде жана Мрамор тарабында келген кемелердин ал жерде күтүү же күтпөө мөөнөттөрүн биз белгилейбиз. Мунун Монтре менен эч кандай тиешеси жок. Монтре Стамбул кысыгына байланыштуу келишим болчу. Ошондуктан бул жерге өз көз карандысыздыгыбызды, өз эгемендигибизди толугу менен камсыздаган ишти алып келүүдөбүз»,-деп айтты.

Канал Стамбулдун Түркияны абдан дагы коопсуз, бакубат кыла турганын, Стамбулдун абдан чоң байлыкка жетишкен болоорун кеп кылган Эрдоган, Стамбул кысыгынын дагы экология жаатында олуттуу жеңилдей турганын айтты.



Тектеш кабарлар