Түркиянын Дин иштери фонду (TDV) 20 өлкөдө 111 суу кудугун ачат

TDVдин билдирүүсүнө ылайык, Түркия Дин иштери фондунун камкорчулар кеңешинин 2-төрагасы Ихсан Ачык, материалдык жардам жеткирген адамдардын материалдык жана руханий муктаждыктарын канааттандырууга умтулгандарын айтты.

1619490
Түркиянын Дин иштери фонду (TDV) 20 өлкөдө 111 суу кудугун ачат

 

Түркиянын Дин иштери фонду (TDV) 20 өлкөдө 111 суу кудугу жана фонддун суу чорголорун ачат. Ачыла турган бул суу чорголорунан 1 миллиондон ашык адам пайдаланышат.

TDVдин билдирүүсүнө ылайык, Түркия Дин иштери фондунун камкорчулар кеңешинин 2-төрагасы Ихсан Ачык, материалдык жардам жеткирген адамдардын материалдык жана руханий муктаждыктарын канааттандырууга умтулгандарын айтты.

Жашоону козгогон ар бир тармакта иш алып барууну максат кылышкандыгын жана ушул багытта иш-аракеттерди жүргүзгөндүгүн белгилеген Ачык: «Рамазан жардамы үчүн 75 өлкөдө үмүт менен жолубузду күтүп жаткан эзилгендерге, жабыр тарткандарга жана жардамга муктаж адамдарга жардам жеткирип жаткан топторубуз, муктаж болгон өлкөлөрдө жана аймактарда суу кудуктарын жана суу чорголорун ачуу иштерин жүргүзүшөт”,- деди.

Ачык: «Ушул алкакта 20 мамлекетте 111 суу кудугун жана суу чорголорун ачуу менен таза ичүүчү сууну алууда чоң кыйынчылыктарга туш болгон адамдарды сууга жеткирген болобуз. Бул суу чорголорунан 1 миллиондон ашуун адамдар пайдаланышат»,-деп айтты.

Ачык, 2015-2020-жылдар аралыгында 32 мамлекетте 440 суу кудугун жана суу чорголорун ачышканын айтты.



Тектеш кабарлар