Орусиядан Түркияга учак каттамдарында эч кандай өзгөрүү жок

Жарандык авиациянын башкы дирекциясы (SHGM), Россиядан Түркияга өз убагында учуп келип, кирүүдө мурунку тажрыйба өзүндөй эле жол менен улангандыгы кабарланды.

1619002
Орусиядан Түркияга учак каттамдарында эч кандай өзгөрүү жок

 

Россиядан Түркияга учкан учак каттамдары жана кирүүлөрдө эч кандай өзгөрүү болбогонун мурунку ишке ашыруулар өзүндөй эле жол менен улантылаары белгиленди.

Жарандык авиациянын башкы дирекциясы (SHGM), Россиядан Түркияга өз убагында учуп келип, кирүүдө мурунку тажрыйба өзүндөй эле жол менен улангандыгы кабарланды.

SHGMнын Твиттерден жарыялоосунда, акыркы убактарда Россиянын ЖМКларында жана социалдык медиа каналдарында, эки өлкөнүн ортосундагы учак каттамдары токтогондугу, Түркиянын кире беришинде Россиянын жарандарынан атайын ПЦР сыноосу талап кылынааары жөнүндөгү жаңылыктар жана эфирлерге орун берилгендиги маалымдалды.

Бул маселе боюнча орус бийлиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында учууларды токтотуу боюнча расмий чечим жок экендигине көңүл бурган жарыяда, бул жаңылыктар негизсиз экендиги айтылган.

Россиядан Түркияга учак каттамдары жана кириштерде эч кандай өзгөрүү жок экендиги,мурдагы колдонмолор ошондой эле түрдө ишке ашырылып жаткандыгы баса белгиленген жарыяда, айрыкча бардык өлкөлөр тууралуу каттамдарда учурдагы ишке ашыруу SHGMнын веб барагында орун алгандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар