Октай: «Күчтүү Түркия, бардык тармактарындагыдай эле космостук изилдөөлөрүндө дагы өнүгүп жатат»

Вице-президент Фуат Октай социалдык медиа эсебинде Анадолу агенттигинин (AА) «Айга катуу конуу миссиясында колдонулушу пландаштырылган гибрид ракета кыймылдаткычы ийгиликтүү аяктады» деген жаңылыгын бөлүшүп билдирүү жарыялады.

1619090
Октай: «Күчтүү Түркия, бардык тармактарындагыдай эле космостук изилдөөлөрүндө дагы өнүгүп жатат»

Вице-президент Фуат Октай, Түркиянын "Республиканын 100 жылдык мааракесинде" Айга биринчи учууну ишке ашыруу жолунда ишенимдүү кадамдар менен илгерилеп баратканын белгилеп, «Күчтүү Түркия, бардык тармактарындагыдай эле космостук изилдөөлөрүндө дагы өнүгүп жатат»,-деди.

Вице-президент Фуат Октай социалдык медиа эсебинде Анадолу агенттигинин (AА) «Айга катуу конуу миссиясында колдонулушу пландаштырылган гибрид ракета кыймылдаткычы ийгиликтүү аяктады» деген жаңылыгын бөлүшүп билдирүү жарыялады.

Октай: «Улуттук космостук программабыздын биринчи максаты болгон «Республикабыздын 100 жылдыгында Айга биринчи учууну» ишке ашыруу жолунда ишенимдүү кадамдар менен бара жатабыз. Күчтүү Түркия бардык тармактардагыдай эле космостук изилдөөлөрдө дагы өнүгүп жатат. Мен бул тапшырманы түрк инженерлери аткара тургандыгына толук ишенем»,-деди.



Тектеш кабарлар