Калындын Орусия жана Украина чыңалуусу жөнүндө билдирүүсү

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын социалдык тармактагы Твиттер эсебинен билдирүү жарыялады.

1619089
Калындын Орусия жана Украина чыңалуусу жөнүндө билдирүүсү

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Түркия Украинанын жеринин бүтүндүгүн жактаганын, Кара деңиз аймагындагы ар кандай чыңалуу жана чыр-чатактардын баарына зыяны тийе тургандыгын жарыялады.

Катчы Ибрахим Калын социалдык тармактагы Твиттер эсебинен берген билдирүүсүндө, «Түркия, Украинанын аймактык бүтүндүгүнүн жана Крым татарларынын укуктарын коргоо үчүн Орусия менен Украинанын ортосундагы көйгөйлөрдү сүйлөшүү жолу менен чечүүнү колдойт. Кара деңизде жана аймактагы ар кандай чыңалуу жана чыр-чатактар ​​ар ким үчүн зыян» -деди.



Тектеш кабарлар