Эрдоган: «142 өлкөдөн 100 миңден ашуун жараныбызды Түркияга дарылануу үчүн алып келдик»

Эрдоган Стамбул Долмабахче кеңсесинде Эл аралык Демократтар Биримдигинин (UID) Аялдар бөлүмүнүн жана Жаштар бөлүмүнүн борбордук чечими жана башкаруучулар кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды.

1619019
Эрдоган: «142 өлкөдөн 100 миңден ашуун жараныбызды Түркияга дарылануу үчүн алып келдик»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19до) эпидемиясы менен күрөшүү башталгандан бери 142 өлкөдөн 100 миңден ашуун жарандарын Түркияга дарылануу үчүн алып келгендигин айтты.

Эрдоган Стамбул Долмабахче кеңсесинде Эл аралык Демократтар Биримдигинин (UID) Аялдар бөлүмүнүн жана Жаштар бөлүмүнүн борбордук чечими жана башкаруучулар кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды.

Президент Эрдоган, Түркиянын Ковид-19 эпидемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында ушул кезге чейин 157 өлкө жана 12 эл аралык уюмдарга жардам жөнөтүшкөнүн белгиледи.

Бүгүн Европада 6 миллионго жакын түрктүн бар экендигин белгилеген Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты: «Европалык түрктөр жашаган өлкөлөрүнүн саясий, маданий, экономикалык жана коомдук турмушуна көбүрөөк салым кошуп жаткандыгын көрүп, биз сыймыктанабыз. (Германиядагы биотехнология фирмасынын (BioNTech) куруучу өнөктөшү профессор) Д-р Угур Шахин жана Д-р Өзлем Түрежи мугалимдерибиздин Ковид-19 вакцинасын иштеп чыгууда жетишкен ийгиликтери, өздөрүнө колдоо көрсөтүлгөн жана мүмкүнчүлүк берилген учурунда биздин адамдарыбыздын эмнелерди жасай ала турганын ачык көрсөттү. Мындай жакшы мисалдар Европалык түрктөрдө гана эмес, башка иммигрант жамааттарында да өзүнө-өзү ишеним жана кайраттуулукту өрчүтөт».

Түркиянын Ковид-19 эпидемиялык процессинен андан ары күчтөнүп чыга турганын айткан Эрдоган: «Биз чараларды кабыл алуу, жазганга берилүү менен эпидемияга каршы күрөштү улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар