Министр Сойлу: «2021-жылы 40 террористтик актыларга бөгөт коюлду»
Министр Сойлу социалдык медиа эсебиндеги бөлүшүүсүндө 2016-жылдын 15-июлунан бери терроризмге каршы күрөшүү жаатында жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, быйыл 40 террористтик актыларга бөгөт коюлгандыгын жарыялады.
Министр Сойлу социалдык медиа эсебиндеги бөлүшүүсүндө 2016-жылдын 15-июлунан бери терроризмге каршы күрөшүү жаатында жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.
Буга ылайык, 30 кызыл, 27 көк, 28 жашыл, 63 сары-кызгылт жана 314 боз түстөгү изделгендер болуп жалпы 462 террорист башчылары зыянсыздандырылды.
Ошондой эле 2017-жылы 1997, 2018-жылы 1636, 2019-жылы 1628, 2020-жылы 1171 жана 2021-жылы 284 болуп бардыгы 6716 террорист зыянсыздандырылганы белгиленди.
Террордук уюмга 2017-жылы 161, 2018-жылы 136, 2019-жылы 130, 2020-жылы 53 жана 2021-жылы 12 адам кошулган.
Жикчил террордук уюм ПКК / КЖКдан 2017-жылы 135, 2018-жылы 165, 2019-жылы 273, 2020-жылы 243 жана 2021-жылы 45 болуп жалпы 861 террорист ишендирүү жолу менен багынып беришти.
2017-жылы 697, 2018-жылы 361, 2019-жылы 309, 2020-жылы 248 жана 2021-жылы 40 террористтик актыларга бөгөт коюлган.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.