Эрдоган Түрк полиция уюмунун 176 жылдыгына карата билдирүү жарыялады
Президент Эрдоган Түрк полиция уюмунун 176 жылдыгына байланыштуу Коопсуздук башкы директору Мехмет Акташка куттуктоо жөнөттү.
1618366
Президент Режеп Таййип Эрдоган, мамлекеттердин өсүп-өнүгүүсүндө эң маанилүү факторлорунун бири - бул туруктуулуктун, тынчтыктын жана ишенимдин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу экенин билдирди.
Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, президент Эрдоган Түрк полиция уюмунун 176 жылдыгына байланыштуу Коопсуздук башкы директору Мехмет Акташка куттуктоо жөнөттү.
Президент Эрдоган өз билдирүүсүндө жарандардын коопсуздугунун жана бейпилдигинин, жан жана мүлк коопсуздугунун кепили болгон Түрк полиция уюмунун 176 жылдыгы менен куттуктап: «Мамлекеттердин өсүп-өнүгүүсүндө эң маанилүү факторлорунун бири - бул туруктуулуктун, тынчтыктын жана ишенимдин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу»,- деп жазды.