YTB башчысы Эрен Францияга чакырык салды

Абдуллах Эрен, Твиттерден билдирүү жасады.

1617785
YTB башчысы Эрен Францияга чакырык салды

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) башчысы Абдуллах Эрен, Франциянын Марсель шаарында жикчил террордук уюм ПККнын колдоочулары тарабынан Түрк маданий борборуна жана мечиттерге жасалган кол салууларга каршы чара көрүүгө үндөгөн билдирүү бөлүштү.

Эрен Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, жикчил террордук уюм ПККнын тарапкерлеринин Франциянын Марсель шаарындагы Түрк маданий борборуна жана мечиттерге кол салгандарын белгилеп: «Бул Францияда бир жуманын ичинде түрк коомчулугун бутага алган 4-кол салуу. Биз Францияны ал жердеги коомдук коопсуздукка зыян келтирген бул террористтер үчүн керектүү чараларды көрүүгө чакырабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар