"Евфрат калканы" аймагында 4 террорист жок кылынды

Үч террорист да жандармерияга багынды.

1618182
"Евфрат калканы"  аймагында 4 террорист жок кылынды

Сирияда "Евфрат калканы" аймагында ПКК/ЙПГ террордук уюмдун 4 террористи жок кылынды. 

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта террористтердин Тель Рыфат аймагынан түрк куралдуу күчтөрүнө ок аткандыгы билдирилди.Маалыматта 4 террористин жок кылынгандыгы маалымдалды. 

Бир тараптан акыркы убактарда жүргүзүлгөн операцияларда таркоо процессине кирген уюмдун мүчөлөрүн ынандыруу иштери да үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Ушунун негизинде ПККдан качкан 3 террорист Мардин облустук чек арасында жандармерияга багынды. 3 террористтин ичинен бирөөсү аял. 

 



Тектеш кабарлар