Арарат тоосунда көпөлөктүн жаңы түрү аныкталды

Долбоордун тобу, жаңы аныкталган көпөлөктөрдүн түрүн Ancylosis Igdirensis деп каттады.

1616941
Арарат тоосунда көпөлөктүн жаңы түрү аныкталды

Арарат тоосунда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө көпөлөктүн жаңы түрү аныкталды.

Ыгдыр университетинин Илимий изилдөө долбоорлору (BAP) бөлүмү тарабынан колдоого алынган долбоордун алкагында, Ыгдыр аймагындагы көпөлөктөрдүн түрлөрүн аныктоо жана жаңы түрлөрүн табуу үчүн изилдөө жүргүзүлдү.

3 жылга жакын созулган изилдөөнүн натыйжасында, Ыгдыр университетинин доценти Желалеттин Гөзүачык жетектеген топ, буга чейин каттала элек жаңы көпөлөктүн түрүн аныктады.

Долбоордун тобу, жаңы аныкталган көпөлөктөрдүн түрүн Ancylosis Igdirensis (Ancylos Iğdır) деп каттады.

Долбоордун жүрүшүндө Түркияда буга чейин каттоодон өтпөгөн 12 жаңы түр табылды.



Тектеш кабарлар