Президент Эрдоган эпидемия менен күрөш жана Стамбул каналы тууралуу билдирди

Президент Р. Т. Эрдоган Ковид  - 19 эпидемиясы менен күрөшүүнү саясат маселелеринен дагы жогору турган улуттук маселе катары көрүшкөндөрүн белгиледи.

1616593
Президент Эрдоган эпидемия менен күрөш жана Стамбул каналы тууралуу билдирди

Президент Р. Т. Эрдоган Ковид  - 19 эпидемиясы менен күрөшүүнү саясат маселелеринен дагы жогору турган улуттук маселе катары көрүшкөндөрүн белгиледи.

Президент,  Адилеттик жан+а Өнүгүү партиясынын лидери Р. Т. Эрдоган партиясынын фракция жыйынында сөз сүйлөп : «Биз эпидемия менен күрөшүүнү саясаттан жогору, 84 миллион кишинин ден соолугун кызыктырган улуттук  маселе катары көрөбүз»,- деди.

Эрдоган сөзүндө Түркияны өстүрүү жана күчтөндүрүү күрөшүнүн улантылып жаткандыгына көңүлдөрдү буруп : «Бир тараптан чектерибиздин ичинде жана тышында террордук уюмдардан козголоңчуларга чейин  кенен аймакта  күрөшүп бир тараптан да өлкөбүздү өнүктүрүү, өстүрүү жана күчтөндүрүүнү улантуудабыз»,- деди.

Сөзүндө Кара деңиз менен Эгей деңизин туташтыра турган  Стамбул каналы долбооруна да токтолгон Эрдоган : «Долбоордун экологияга тийгизген таасирин баалоо отчету 56  мекеме, 200дөн ашуун окумуштуунун, медианын жана жарандардын салымы менен аягына чыкты. Буйруса  бул маанилүү долбоордун этап түрүндө өткөрүлө турган тендерин жакында баштайбыз. Жай айларында да  пайдубалын түптөйбүз. Кечигүү менен болсо да  курулушун баштай турган Стамбул каналы  азыртадан өлкөбүз үчүн элибиз үчүн пайдалуу болсун»,- деди.



Тектеш кабарлар