Стамбул аэропорту Европада биринчи орунду ээледи
Стамбул аэропортунан кийин Франциянын Париж Шарль де Голль аэропорту ээледи.
Стамбул аэропорту март айында 17 миң 407 рейс менен Европадагы атаандаштарын артта калтырды.
Европанын Аэронавигациялык Коопсуздук Уюмунун (EUROCONTROL) 1-31-март күндөрүнүн аралыгындагы учуу кыймылынын отчетуна караганда, Стамбул аэропортунда 17 миң 407 каттам жүргүзүлдү.
Март айында Европада эң көп каттам ишке ашырылган аэропорт деп аныкталган Стамбул аэропортунан кийин 14 миң 186 рейс менен Франциянын Париж Шарль де Голль аэропорту ээледи.
3-орунда 13 миң 708 рейс менен Германиянын Франкфурт, 4-орунда 12 миң 874 рейс менен Нидерландиянын Амстердам Шифхол, 5-рунда болсо 11 407 рейс менен Испаниянын Мадрид Барахас аэропорттору турат.
Ал арада, Стамбул Гранд Аэропортунун (İGA) социалдык медиа баракчасынан жасалган билдирүүдө: «Биз март айында Европада лидербиз. 1-31-марттагы EUROCONTROL маалыматына караганда, биз бардык аэропортторду артта калтырып Европада эң көп учак каттамын жүргүзгөн аэропорт болдук» деген сөздөр камтылды.