Чавушоглу күндемге баа берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу телефон байланышы аркылуу жеке телеканалга катышып күндемге баа берди.

1614773
Чавушоглу күндемге баа берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Кара деңизди Эгей деңизине туташтыра турган «Стамбул каналы» долбоору темасында Түркияга карай кысым болбогонун, мындай кысымды Түркиянын кабыл алуусунун мүмкүн эместигин да баса белгиледи.

Мевлүт Чавушоглу телефон байланышы аркылуу жеке телеканалга катышып күндемге баа берди.

 «Стамбул каналы» темасында  Түркияга карай кысым болбогонун белгилеген Чавушоглу, мындай кысымды Түркиянын кабыл алуусунун мүмкүн эместигин баса белгиледи.

Чавушоглу:«Монтрё келишими кысык аркылуу өтүүнү гана жөнгө салбайт. Кара деңизде канча кеме болушу мүмкүн экендигин, анын тоннажын жана узактыгын камтыган көптөгөн чектөөлөрдү камтыйт. Башкача айтканда, Стамбул каналынын Монтрё келишимине эч кандай таасири жок, ал эми Монтрё келишиминин Стамбул каналына эч кандай таасири жок»,-деп айтты.

Чавушоглу, Түркиянын укуктарын жана кызыкчылыктарын президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги астында коргоп жаткандыктарын баса белгиледи.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) жаңы бийлиги менен дагы алдын-ала божомолдонгон мамиледе болобуз деп мурда айткандарын билдирген Чавушоглу, АКШнын мурунку президенти Барак Обаманын убагынан бери ушул убакка чейин келип жеткен көйгөйлөр бар экендигин, америкалык кесиптеши Антони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, Брюсселде болсо жолугушканын эске салды. Чавушоглу жалпысынан алганда стратегиялык ой жүгүртүлгөндө Түркия менен АКШны бириктирген көптөгөн темалар бар экендигин, Түркиянын стратегиялык мааниси бар экендигин алардын дагы айткандарын белгилеп өттү. Эки өлкөнүн ортосундагы маселелердин өтмүштөн бери болуп келгенин түшүндүргөн Чавушоглу, бул көйгөйлөрдү жеңүү үчүн жаңы жетекчилик менен сүйлөшкөндөрүн белгиледи.



Тектеш кабарлар