Алтун: «АКШнын адам укуктары боюнча жылдык отчету фактыларга дал келбейт»

Алтун, социалдык медиа эсептеринен англис тилинде жасаган билдирүүсүндө, Түркия адам укуктары темасын ички саясаттын иши катары эмес универсалдуу тема катары карай тургандыгын баса белгиледи.

1613431
Алтун: «АКШнын адам укуктары боюнча жылдык отчету фактыларга дал келбейт»

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин (АКШ) адам укуктары боюнча жылдык отчету фактыларга дал келбейт деп билдирди.

Алтун, социалдык медиа эсептеринен англис тилинде жасаган билдирүүсүндө, Түркия адам укуктары темасын ички саясаттын иши катары эмес универсалдуу тема катары карай тургандыгын баса белгиледи.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын аймактагы жана дүйнөдөгү адам укуктарынын бузулушуна каршы чыккан жалгыз лидер болгонун баса белгилеген Алтун, Түркиянын адам укуктары жаатындагы эң чоң прогрессти Адилеттик жана өнүгүү партиясынын мамлекеттик башкаруусунун убагында ишке ашыргандыгын белгиледи.

Фахреттин Алтун, отчеттун Түркияга карай акыйкатсыз сын-пикирлерди камтыганын белгилеп, Түркиянын терроризмге каршы күрөштө адам укуктарынын сезимталдыгына көңүл бурганын айтты.

Алтун: «Түркия, террордук уюмдар ПКК, ФЕТӨ жана ДЕАШка каршы күрөшүүсүн коопсуздук жана элибиздин укуктары менен эркиндиктеринин тең салмактуулугун эске алуу менен улантууда»,-деп айтты.

Террордук уюмдарды эркиндикке эң чоң тоскоолдук деп мүнөздөгөн Алтун: «Түркия, Европа Биримдиги жана АКШ менен диалогдун эшигин ар дайым акырына чейин ачык кармады жана ачык бойдон кала берет. Бирок эркиндик менен бирге элибиздин тынчтыгы жана коопсуздугу биздин кызыл чийин болуп саналат»,-деп өз   баасын берди.

Алтун, АКШнын Мамлекеттик департаментинин отчету фактыларга дал келбестигин баса белгилеп, терроризмге каршы күрөштү жана өкмөттүн жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу аракетин адилетсиз сынга алуу олуттуу болбой тургандыгын айтты.



Тектеш кабарлар