Сойлу: «Мыйзамсыз мигранттардын саны пандемиянын таасири менен азайды»

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Балыкесирдин Айвалык районунда өткөрүлгөн Миграция башкармалыктарынын жыйында сөз сүйлөдү.

1611967
Сойлу: «Мыйзамсыз мигранттардын саны пандемиянын таасири менен азайды»

Түркияда кармалган мыйзамсыз мигранттардын саны 2021-жылы 24-марттан баштап 22 миң 115 миңди түздү.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Балыкесирдин Айвалык районунда өткөрүлгөн Облустук Миграция башкармалыктарынын жыйында сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө Түркияда кармалган мыйзамсыз мигранттардын санына токтолгон Сойлу: «Кармалган качкындардын саны 2019-жылы эң жогорку чекке жетүү менен 454 миң 662 деп катталды. Коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынын таасири менен 2020-жылы бул көрсөткүч 122 миң 302ге чейин төмөндөдү. 2021-жылы 24-марттан тарта 22 миң 115 болду»,-деди.

Мыйзамсыз миграция алкагында 2019-жылы 103 миң 858 депортациянын ишке ашканын жана мындай көлөмдөгү операциянын башка бир мамлекетте болбогонун баса белгилеген Сойлу: «Ушул сыяктуу эле 2020-жылы эпидемиялык процесстерге карабастан 41 миң 379 адам депортацияланды. Жылдын башынан бери биздин сан 9 миң 369 адамды түзөт. Ошондуктан биз үчүн бул адамдардын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө жол бербөө өтө маанилүү»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар