Сириялыктарга колдоо конференциясында Түркияга мактоолор айтылды

«Сирия жана аймактын келечегин колдоо конференциясы» деген темада 5 -  Брюссель конференциясынын аякташы менен жарыяланган биргелешкен билдирүүдө Түркиянын дүйнөдө эң көп качкын алган өлкө экендиги эске салынды.

1611947
Сириялыктарга колдоо конференциясында Түркияга мактоолор айтылды

БУУ жана Европа Биримдиги тарабынан кечээ биргелеше өткөрүлгөн Сириялыктарга колдоо конференциясында Түркиянын сириялык качкындарга берген жардамы тууралуу мактоолор айтылды.  

«Сирия жана аймактын келечегин колдоо конференциясы» деген темада 5 -  Брюссель конференциясынын аякташы менен жарыяланган биргелешкен билдирүүдө Түркиянын дүйнөдө эң көп качкын алган өлкө экендиги эске салынды.

Түркиянын качкындар үчүн саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык тейлөө жана муниципалдык тейлөө сыяктуу мүмкүнчүлүктөр менен жумушчу күчү базарына кошулушуна мүмкүнчүлүк түзгөндүгү белгиленген билдирүүдө : «Түркия качкындар тууралуу чыгымдардын негизги бөлүгүн көтөрүп жатат»,- деп билдирилди.

Маалыматта Түркиянын коронавирустун жайылышын алдына алуу үчүн аракет кылгандыгы жана буга качкындарды да кошкондугу белгиленип : «Конференция өзгөчө Түркиянын качкындардын өздөрүнө өздөрүнүн жетишин жана социалдык шайкештигин колдоо үчүн көрсөткөн аракеттери колдоого татыктуу»,- деп билдирилди.

БУУ менен Европа Биримдигинин Сирия ичиндеги жана аймак өлкөлөрүндөгү сириялыктарга колдоо көрсөтүү үчүн өткөрүлгөн конференцияда эл аралык жамаат 6, 4 миллиард доллар жардам убадасын берген.

 

 



Тектеш кабарлар