Сойлу: «ПККны кыймылдай албаган абалга келтирдик»

Сүлейман Сойлу борбор калаа Анкарадагы Полиция академиясынын Гөлбашы кампусундагы бүтүрүү кечесине катышты.

1611518
Сойлу: «ПККны кыймылдай албаган абалга келтирдик»

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, ийгиликтүү жүргүзүлгөн операциялар менен жикчил террордук уюм ПККнын кыймылдай албай калгандыгын айтты.

Сүлейман Сойлу борбор калаа Анкарадагы Полиция академиясынын Гөлбашы кампусундагы бүтүрүү кечесине катышты.

Сойлу сүйлөгөн сөзүндө, терроризм менен күрөшүүдө өлкө ичинде жикчил террордук уюм ПККны кыймылдай албаган абалга келтиргендиктерин баса белгиледи.

Сойлу террордук уюмдун куралдуу мүчөлөрүнүн санын 300дөн азга кыскарткандарын жана бир убактарда жылына 5000 киши кошулган, 1500-2000 адамдан турган лагерди түзгөн ПККга 2019-жылы 130, өткөн жылы 53, быйыл 11 гана адам кошулганын айтты.

Ынандырылып, тоодон чыгарылган адамдардын санынын өткөн жылы 243, быйыл 36 адам болгонун белгилеген Сойлу, жыл башынан бери ПККдан 157 террорист зыянсыздандырылганын жана бул сан өткөн жылда 865 болгонун билдирди.

Сойлу: «Биздин балдар карды, кышты жана башка тоскоолдуктарды билбестен операцияларды улантышат. Биз бул сандарды көп-көп берип турабыз. Биз катышуу жана ишендирүү сандарын коомчулук менен бөлүшөбүз, анткени дал ушул сандар бул жерде менталитетти өзгөртүүнү мыкты түшүндүрөт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар