Улуттук Чалгындоо Уюму менен түрк куралдуу күчтөрү ПККнын бажы координатору террористин жок кылды
ПКК/КЖКга салык чогулткан террорист Айдын ошол эле учурда уюмдун эң ишенимдүү ысымдарынын арасында орун алгандыгы белгиленди.

Улуттук Чалгындоо Уюму жана түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндөгү Кандилде жүргүзгөн операциясында ПКК/КЖКнын бажы координатору Өмер Айдын жок кылынды.
Алынган маалыматка караганда 1999 – жылдан бери уюмдун ичинде иш алып барган ПКК/КЖКнын Ирак - Иран чек арасында адам жана курал – жарак аткезчилиги менен банги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнөн жооптууларынын арасында орун алган «Ренас Айдын» каймана аттуу Өмер Айдын Улуттук Чалгындоо Уюму тарабынан иликтөөгө алынды.
2021 - жылы 2 - февралда аймакта ылайыктуу шарттардын пайда болушу менен түрк куралдуу күчтөрү менен бирдей убакта жүргүзүлгөн операцияда террорист Өмер Айдын жок кылынды.
ПКК/КЖКга салык чогулткан террорист Айдын ошол эле учурда уюмдун эң ишенимдүү ысымдарынын арасында орун алгандыгы белгиленди.
Тектеш кабарлар

"Эрен блокада - 2 " операциясында 4 террорист жок кылынды
Ички иштер министрлиги да аймакта операциялардын улантылып жаткандыгын маалымдады.