Түркия карыларга кам көрүү туризминде артыкчылыктуу өлкө

Медициналык туризм ассоциациясынын башчысы Синан Ибиш маалымат берди.

1609572
Түркия карыларга кам көрүү туризминде артыкчылыктуу өлкө

Европанын коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын кесепетинен карыларга кам көрүү жаатында өлкөлөр менен кызматташууга көбүрөөк багыттала тургандыгы, Түркиянын карыларга кам көрүү туризминде артыкчылыктуу позициясы экендиги жарыяланды.

Медициналык туризм ассоциациясынын башчысы др. Синан Ибиш өз билдирүүсүндө, Европадагы кээ бир өлкөлөрдө карылар үйүндө Ковид-19дан улам көптөгөн улгайган адамдардын каза болгонун же өз тагдырларына ташталгандыгын, дүйнөдө тез өсүп жаткан улгайган калкка байланыштуу кам көрүү процесстеринин бул өлкөлөрдө адам ресурстары жана экономикалык маселелер жагынан тынчсыздандыруу жараткандыгын айтты.

Ушул учурда карыларга кам көрүү туризмине болгон кызыгуунун жогорулагандыгын баса белгилеген Ибиш, Европа өлкөлөрүнүн климат, географиялык өзгөчөлүктөр жана адам ресурстарына ылайыктуу өлкөлөр менен кызматташтыкка киришкенин жана пандемиянын кесепетинен да бул муктаждыктарды канааттандыруу үчүн издөөнүн болгонун түшүндүрдү.

Ибиш: «Түркиянын карыларга кам көрүү туризминдеги географиялык абалы, 3-4 сааттык учуу менен оңой жетүү, пенсионерлер менен карыларга ылайыктуу климат, бай улуттук ашканасы, уникалдуу социалдык-маданий мурасы, табигый өсүмдүктөрү, арашан суулары менен реабилитация мүмкүнчүлүктөрү, жаш жумуш күчү жана  тейлөө кызматтарынын Европага салыштырмалуу арзан. Биз төрт мезгилди бир учурда өткөргөн өлкөбүз жана бул карылардын ден-соолугу үчүн абдан маанилүү», деп айтты.



Тектеш кабарлар