Министр Акар "Handelsblatt" гезитине билдирүү жасады

Акар: " Германия Европанын коопсуздук архитектурасында Түркиянын эң маанилүү өнөктөштөрүнүн бири"

1607652
Министр Акар "Handelsblatt" гезитине билдирүү жасады

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Германиянын Европа коопсуздук архитектурасында Түркиянын эң маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экендигин айтты.

Министр Акар Германиянын "Handelsblatt" гезитине жасаган билдирүүсүндө, акыркы мезгилдерде өзгөчө Чыгыш Жер Ортолук деңизи маселесинде канцлер Ангела Меркель менен катар Германиянын алгылыктуу жана конструктивдүү салымын жогору баалагандарын билдирди.

Акар Чыгыш Жер Ортолук деңизин атаандаштыктын аянты болуудан чыгарып кызматташтыктын бассейнине айлантуунун бардыгына пайда алып келерин баса белгиледи.

Грециянын өз аба мейкиндигинин 10 чакырым экендигин айткандыгын сынга алган министр Акар: «Үч-беш учак менен кырдаалдын өзгөрбөй тургандыгы айдан ачык жана мунун грек элине кошумча каржылык жүктү гана алып келери анык», деп сереп салды.

Акар ошондой эле Брюсселден, Түркия жана Греция менен Кипр маселесин Европа көйгөйлөрүнө айлантпоону өтүнүп: «ЕБ бул сүйлөшүүлөргө калыс болушу жана зыян келтирбеши керек»,-деди.



Тектеш кабарлар