Кытайлык министр Түркияга келет
Ван И 24-26-март күндөрүнүн аралыгында Түркияда болот.
1607157
Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин 24-26 март күндөрүнүн аралыгында Түркияга иш сапары менен келери билдирилди.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И 24-26-март күндөрүнүн аралыгында Түркияга сапар жасайт.
Билдирүүдө: «Жолугушууларда эки тараптуу мамилелерден тышкары, аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелер талкууланат», деп маалымдалды.
Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин президент Режеп Тайип Эрдоган тарабынан кабыл алынышы да күтүлгөндүгү белгиленди.