YTBнин төрагасы Абдуллах Эрен Мьянма мусулмандары тууралуу билдирди

Абдуллах Эрен : «Рохиньгия онлайн медиа билим берүү программасын» турмушка ашыруудабыз",- деди.

1606686
YTBнин төрагасы Абдуллах Эрен Мьянма мусулмандары тууралуу билдирди

Өлкө тышындагы түрктөр жана тууган коомдо YTBнин төрагасы Абдуллах Эрен аракандык мусулмандардын абалынын эл аралык мекемелер жана маалымат каражаттарынын жардамы менен  билдирилиши керектигин айты.

Эрен борбор шаар Анкарада берген маалыматында YTBнин  иш алып баруу тармактарынын биринин Түркиянын айрым орток баалуулуктарды бөлүшкөн география жана тууган коомдор экендигин айтып : «Бул жагынан алганда аракандык мусулман боордошторубуз да биз үчүн маанилүү. Тилекке каршы Мьянмада жарандык укуктары менен бирге негизги адамзаттык уккутарынан да ажыраган. Бул маселе эл аралык мекемелер жана маалымат каражаттары  тарабынан билдирилиши керек»,- деди.

Мьянманын тышында жашаган көп сандаган мусулмандан турган аракандык мусулман диаспорасына көңүлдөрдү бурган Эрен : «Бул боордошторбуздун үнүн дүйнөгө угузуу жана диаспорадагы жарандык коомдун потенциалын өнүктүрүүгө салым кошуу максатында «Рохиньгия онлайн медиа билим берүү программасын» турмушка ашыруудабыз. 29 – 31 -  март күндөрү боло турган программа онлайн түрүндө болот»,- деди.



Тектеш кабарлар