Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Акыркы 24 саатта вирустан 138 киши көз жумду.

1607072
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 138 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 30 миң 316 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 211 миң 848 тест жасалып, 1006 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 26 миң 182 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 19 миң 201 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 863 миң 882ге жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар