Министр Кожа:«BioNTech вакцинасынын алгачкы 5800 дозасы биздин өлкөгө жетти»

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, кечээ видео конференция аркылуу катышып жетекчилик кылган жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) Илимий комитетинин жыйынынан кийин жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1603638
Министр Кожа:«BioNTech вакцинасынын алгачкы 5800 дозасы биздин өлкөгө жетти»

Түркияда эмки жумадан баштап 60-65 жаш курагында эмдөөлөр башталат.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, кечээ видео конференция аркылуу катышып жетекчилик кылган жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) Илимий кеңешмесинин жыйынынан кийин жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Министр Кожа:«Бизде Ковид-19 массалык көйгөй болуудан чыгышы үчүн алдыбызда жылдар жок, бир нече айлар бар. Адамзат 2020-жылдын үмүтсүздүгүн жеңди. 2021-жыл үмүт менен жеңиш жылы болот»,-деп жазды.

Түркиянын вакцина менен камсыздоо жагынан мүмкүн болуучу көйгөйлөрдү алдын ала көрүп эрте иш-аракетти кылгандарын баса белгилеген министр Кожа: «Биз колдонуп жаткан вакцинадан (Кытайда жасалган Sinovac) башка вакцина болгон BioNTech вакцинасынын алгачкы 5800 дозасы биздин өлкөгө жетти. Ушул айда дагы 4,5 миллион доза келип түшөт. Ал арада вакцинанын сыноолору аяктайт. Бул вакцина дагы кезекте тургандарга жасалат»,-деди.

Министр Кожа, 65 жаштан жогорку саламаттыкты сактоо кызматкерлерине эмдөө иштери бүткөнүн айтып, «Кийинки жумадан баштап кийинки топко, башкача айтканда 60-65 жаш курак тобуна эмдөө башталат»,деген маалыматын бөлүштү.



Тектеш кабарлар