Алтун: «ФЕТӨ Борбордук Азия үчүн да чоң коркунуч»

Фахреттин Алтун, Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы (ТүркПА) тарабынан Бишкекте уюштурулган «Түрк дүйнөсүнүн кечээкиси, учуру жана келечеги» аттуу симпозиумдун ачылышына видео кайрылуу жөнөттү.

1603177
Алтун: «ФЕТӨ  Борбордук Азия үчүн да чоң коркунуч»

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Фетуллахчы террордук уюму (ФЕТӨ) бир гана Түркия Республикасынын жарандары үчүн эмес, Борбордук Азиядагы тектештер үчүн да чоң коркунуч экендигин айтты.

Фахреттин Алтун, Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы (ТүркПА) тарабынан Бишкекте уюштурулган «Түрк дүйнөсүнүн кечээкиси, учуру жана келечеги» аттуу симпозиумдун ачылышына видео кайрылуу жөнөттү.

Алтун, билдирүүсүндө Түркиянын, президент Режеп Таййип Эрдогандын лидерлигинде ички жана тышкы коркунучтарга каршы чечкиндүү күрөштү жүргүзүп жатканын айтты.

2016-жылдын 15-июлунда төңкөрүш аракетин кылган ФЕТӨнүн бир гана Түркия Республикасынын жарандары үчүн эмес, Борбордук Азиядагы тектештер үчүн да өтө чоң коркунуч экендигин баса белгилеген Алтун: «Ушул себептен биз Түрк Республикаларында ФЕТӨ жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга маани беребиз»,-деди.

Жикчил террордук уюм ПККга каршы мыйзамдуу күрөштү, Сирияда жана Ирактын түндүгүндө бир дагы террорист калбай калгыча уланта тургандарын белгилеген Алтун: «Түркия гана эмес, коңшуларыбыздын аймактык бүтүндүгүн дагы бутага алган бул жыландын башын жанчыйбыз»,-деп айтты.

Чыгыш Жер Ортолук деңизинде да түрк улутун Анталья булуңунда камакка алуу максатын көздөгөн эл аралык оюнду үзгүлтүккө учуратуу үчүн күрөшүп жаткандарын белгилеген Алтун: «Түркиянын бекем позициясы менен эл аралык укукка жана регионалдык туруктуулукка маани бериши, бүгүнкү күндө деңиздеги коңшуларыбыздын дагы биздин позициябызга жакындоосун кошо ала келди. Аймактагы энергетикалык ресурстар бул аймактын бардык элементтеринин, айрыкча Кипр түрктөрүнүн жалпы байлыгы экендигин кайра-кайра баса белгилеп жатабыз»,-деп баасын берди.

«Биз Босниядан Сомалиге чейинки көптөгөн аймактарда тынчтык үчүн кандай кызмат кылган болсок Ливиянын мыйзамдуу өкмөтүнө дагы ошондой эле себептер менен колдоо көрсөттүк»,-деп айткан Алтун, Түркиянын Кавказдагы жана Орто Азиядагы боордоштору менен ар дайым бирге экендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар