Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Жаңы Зеландияда мечитке жасалган кол салуу тууралуу эскерди

Мевлүт Чавушоглу 2019 - жылдын 15 - мартында Жаңы Зеландиянын Кристчерч шаарындагы эки мечитте болгон террордук кол салуудан каза болгондорду эскерди.

1601491
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Жаңы Зеландияда мечитке жасалган кол салуу тууралуу эскерди

Вице  - президент Фуат Октай Түркиянын жикчилдик менен үлгүлүү күрөшүнүн улантылып жаткандыгын билдирди. Октай 2 жыл мурда Жаңы Зеландиянын Кристчерч шаарында эки мечитке жасалган террордук кол салууга байланыштуу соцтармактан билдирүү жарыялады. 

Октай билдирүүсүндө  : "Кристчерчте мусулмандарды бутага алган террордук кол салуунун экинчи жылында  бир гана исламофбияга эмес, ксенофобияны жана адам баласынын терисинин түсүнө же ишеничине карата  бурмаланган менталитетти  наалаттаймын.  Түркия жикчилдик менен үлгүлүү күрөшүн улантат".- деди. 

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да твиттерде 2019 - жылдын 15 - мартында Жаңы Зеландиянын Кристчерч шаарындагы эки мечитте болгон террордук кол салуудан каза болгондорду эскерди.

Чавушоглу твиттерде берген түрк жана англис тилдериндеги билдирүүсүндө : «Кристчерч шаарында болгон теракттан бери 2 жыл өттү. Бул кол салууда каза болгон мусулман бир туугандарыбызды эскерем. 15 - мартты унутпоо максатында "Эл аралык исламофобияга каршы күрөшүү күнү" деп жарыяладык. Биз бул күрөштү чечкиндүүлүк менен улантабыз», - деди.

2019 - жылдын 15 - мартында Кристчерч шаарындагы Нур жана Линвуд мечиттерине террорист Брентон Тарранттын жума намазда автоматтык курал менен кол салуусунан 51 адам каза болуп, 49 адам жаракат алган.



Тектеш кабарлар