Мевлүт Чавушоглу күн тартиби тууралуу маалымат берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Египет менен дипломатиялык деңгээлде байланыштардын башталгандыгын билдирди.

1600085
Мевлүт Чавушоглу күн тартиби тууралуу маалымат берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Египет менен дипломатиялык деңгээлде байланыштардын башталгандыгын билдирди.

Мевлүт Чавушоглу иш сапарын Түркмөнстандан баштап, Өзбекстан жана Кыргызстанда уланткан сапарын Катарда аяктады. Чавушоглу Түркияга кайтып жатып  Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси TRTнын суроолоруна жооп берди.

Түркия менен Египеттин ортосунда дипломатиялык байланыштардын башталгандыгын билдирген Чавушоглу : «Египеттиктерден эч бир алдыңкы шарт келген жок, бизден да бир алдыңкы шарт кошулган жок»,- деди.

«Египет менен чалгындоо жана дипломатиялык деңгээлде байланышыбыз бар»,- деген Чавушоглу алдыбыздагы күндөрдө да дипломаттардын деңгээлинде  жолугушуулардын өткөрүлөрүн айтты.

Катардын борбор шаары Дохада Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана катардык кесиптеши Шейх Мухаммед бин Абдуррахман Ел Тани менен өткөргөн жолугушууларга да токтолгон Чавушоглу : «Өзгөчө Сириядагы адамзаттык абал тууралуу Катардын дагы так кадам таштоону каалагандыгын көрдүк жана муну министрлердин деңгээлинде өнүктүрүү чечимин кабыл алдык»,- деди.

АКШ башкаруусу менен сүйлөшүүлөргө да токтолгон Чавушоглу сүйлөшүүлөрдө С  - 400 абадан коргонуу системалары тууралуу Крит моделинин сөз болбогондугун баса белгиледи.

Чавушоглу саудиялык журналист Жемал Кашыкчы кылмышынан кийин Сауд Арабия жана Бириккен Арап Эмираттары менен начарлаган мамилелердин оң билдирүүлөр менен оңоло баштагандыгын айтты.

Чавушоглу : «Абу Дабиден дагы оң кабарлар келүүдө. Түркияга карата тескери кампаниялардын азайгандыгын көрүүдөбүз. Булар менен эч бир көйгөйүбүз жок бирок алардын бизге карата тескери мамилелери бар эле. Сауд Арабия менен карым  - катнаштарыбыздын оңолбошу үчүн себеп жок. Оң кадам таштаса биз да таштайбыз. Ошол эле нерсе Бириккен Арап Эмираттары үчүн да айтыла алат»,- деди.

Афганистанда өкмөт менен Талибандын ортосунда башталган сүйлөшүүлөргө да токтолгон Чавушоглу : «Афганистан тынчтык процесси тууралуу жыйынын апрель айында өткөрүүнү пландап жатабыз»,- деп билдирди.

Чавушоглу Кытайдын тышкы иштер министри Ванг Йинин аймак сапарынын негизинде Түркияга келерин айтып : «25 -  мартта Түркияга келүүнү каалагандыгын айтты. Сапардын күн тартибинде эки тараптуу карым  - катнаштар менен аймактык маселелер бар. Азияны, Европаны кызыктырган темалар бар. Ковид – 19 менен күрөш менен күн тартибиндеги бардык темалар каралат»,- деди.  

Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен Түркия  -  Европа Биримдиги карым  - катнаштары тууралуу бир жол картасы боюнча иштөө чечиминин чыгарылгандыгын эске салган Чавушоглу : «Биз аларга сунушубузду жибердик. Жол картасы долбоорубузду да. Алардан жооп күтүп жатабыз»,- деди.

Кипр сүйлөшүүлөрүнө да токтолгон Чавушоглу : «Сүйлөшүү баштала турган болсо Европа Биримдиги дагы байкоочу катары катышат»,- деди.



Тектеш кабарлар